диал. 1. Тал-теректин куурап калган башы. 2. Буурул. Чал сакал. Чал куйрук.
1. Күрөштө буту менен экинчи кишинин бутун илип жыгуунун аракетин жасоо, илиндирүү. Каарыма келе түштүм намыс кылып, Бир булкуп бастым жерге чалып туруп (Үмөталиев). 2. Жипти, узун тилке нерсени ж. б. имере ороо, оролто байлоо. Минип барган кара бээ, Мамысына чалды эле («Эр Төштүк»). Алты жаак айбалта, Билекке кынай чалды эми («Манас»). 3. Союу, жара тартуу. Арбагына Манастын, Ак боз бээни чалды эми («Манас»). Кайран балбан өзүңдү, Каман чалып өлтүрдү (Токтогул). 4. Байкоо, көрүү, чалгындоо. Жолой күндүзү бийик кырга, чокуларга чыгып, жол чала баштады (Жантөшев). Алдыртан чалып, айылдын сырын билип кайттым (Сыдыкбеков). 5. Оттоо. Аттардын шартылдатып чөп чалганы, бышкырыгы, жүгөндөрүнүн шарактаганы күңүрт угулат (Абдукаримов). 6. Чалгыч же башка бир нерсе менен аралаштыруу, булгалап аралаштыруу. Сурма сыр аякка кымыз куюп талкандан чалды да, Карымшакка сунду (Байтемиров). 7. Комуз чертүү, чертиле турган музыкалык аспапта ойноо. Келин-кыздын жанында, Келтирип комуз чалган кез (Токтогул). Толгоп толгоп күү чалам, Толкундатып үн салам. (Турусбеков). 8. Кабылуу, туш келүү, басуу, чулгап калуу, каптоо. Булбулум туткун болду деп, Элиңдин жүрөгүн кайгы чалган жер (Токомбаев). Таң серпилип, Жерди жарык чалды (Сыдыкбеков). Чокуларын туман чалган кырка тоолор (Сасыкбаев).